Текст песни Мирбек Атабеков - "Сен жана мен" 2012

Өзүң менен жүрсөм жаным,
Жарашып бул күндөрдүн баары.
Алоолонгон сезимдерим,
Улам-улам күчөп барат.

Элестете албайм өзүмдү,
Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү.
Өмүрүм да сен,
Көңүлүм да сен,
Ырларым да сен

Кайырма
Жадырап сен мага,
Мен тартылам сага,
Жамалың күлүп турганда.
Эркелеп сен мага,
Мен тартылам сага,
Жамалың күлүп турганда.
Күлүп турганда
Күлүп турганда

Бир гана сен,
Табылгыс белек болдуң мага.
Сен жана мен,
Биз экөөбүздүн жолубуз бир,
Ишенгин мага.

Элестете албайм өзүмдү,
Сенсиз өткөргөн бул өмүрдү.
Өмүрүм да сен,
Көңүлүм да сен,
Ырларым да сен

Мирбек Атабеков -